# 24-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менен жасалуучу бүтүмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/442)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 5-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2015 года № 193 "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-423/edition/665588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/442/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө, 24-статья (24.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-24

---

Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга тиешелүү белекке берүү же сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн жасоодо белекке алуучу же сатып алуучу белекке берүүчүдө, же сатуучуда болгон андай буюмдарга тиешелүү милдеттенмелерди өзүнө алууга милдеттүү. Мында мамлекеттин сатып алууга артыкчылык укугу болот. Музей буюмдарын же музейлик коллекцияларды керез боюнча, болбосо мыйзам боюнча мураска алууда мураскор ал буюмдарга тиешелүү мураска берүүчүдө болгон милдеттенмелердин баарын өзүнө алууга милдеттүү. Ал милдеттенмелерден баш тарткан мураскор ошол музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сатып жибериши, болбосо жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда башка бүтүмдү жасашы мүмкүн, мында мамлекет сатып алуунун артыкчылык укугуна ээ болот. Эгерде мураскор ошол музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга тиешелүү милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылбаса, мамлекет ээсиз күтүлүп турган буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менен бардык саналып өткөн бүтүмдөр алар Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып жасалды деп эсептелет. Мамлекеттин атынан ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү тарабынан каралган артыкчылык сатып алуу укугун ишке ашырууну маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт.

V Глава Кыргыз Республикасындагы музейлер

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-25)
