24-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менен жасалуучу бүтүмдөр
Күчүн жоготкон · 24.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2015 года № 193.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга тиешелүү белекке берүү же сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн жасоодо белекке алуучу же сатып алуучу белекке берүүчүдө, же сатуучуда болгон андай буюмдарга тиешелүү милдеттенмелерди өзүнө алууга милдеттүү. Мында мамлекеттин сатып алууга артыкчылык укугу болот. Музей буюмдарын же музейлик коллекцияларды керез боюнча, болбосо мыйзам боюнча мураска алууда мураскор ал буюмдарга тиешелүү мураска берүүчүдө болгон милдеттенмелердин баарын өзүнө алууга милдеттүү. Ал милдеттенмелерден баш тарткан мураскор ошол музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сатып жибериши, болбосо жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда башка бүтүмдү жасашы мүмкүн, мында мамлекет сатып алуунун артыкчылык укугуна ээ болот. Эгерде мураскор ошол музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга тиешелүү милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылбаса, мамлекет ээсиз күтүлүп турган буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менен бардык саналып өткөн бүтүмдөр алар Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып жасалды деп эсептелет. Мамлекеттин атынан ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү тарабынан каралган артыкчылык сатып алуу укугун ишке ашырууну маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт.
V Глава Кыргыз Республикасындагы музейлер
Берененин тексти 24.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/442/st-24" title="24-статья - Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>