# 17-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/442)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 5-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2015 года № 193 "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 февраля 2013 года № 18 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203825)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/442#diff=665589..665590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-423/edition/665588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/442/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө, 17-статья (24.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-17

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген жана мамлекеттик музейлерге жана башка мамлекеттик мекемелерге оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген негизги фонддорду толтуруу, музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу үчүн зарыл болгон каржылык жана башка шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарыхтын жана маданияттын башкага окшобогон эстеликтерин сактоо боюнча кошумча чараларды көрүүнүн зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактап турган эң ири мамлекеттик музейлердин иши үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө түрлөрүн белгилеши мүмкүн. (КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV Глава Кыргыз Республикасынын музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгү

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-18)
