# 10-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/442)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 5-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2015 года № 193 "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-423/edition/665588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/442/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө, 10-статья (24.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-10

---

Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды юридикалык коргоону камсыз кылуучу эсептик документ болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген ар бир музей буюму жана ар бир музейлик коллекция жөнүндө негизги маалыматтарды камтыйт. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогун жүргүзүү маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга карата жеке жана юридикалык жактардын менчик укугун өткөрүп берүү жана жарандык укуктар менен милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган башка аракеттер Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда бүтүм катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-11)
