10-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу
Күчүн жоготкон · 24.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2015 года № 193.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды юридикалык коргоону камсыз кылуучу эсептик документ болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген ар бир музей буюму жана ар бир музейлик коллекция жөнүндө негизги маалыматтарды камтыйт. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогун жүргүзүү маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга карата жеке жана юридикалык жактардын менчик укугун өткөрүп берүү жана жарандык укуктар менен милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган башка аракеттер Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда бүтүм катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.
Берененин тексти 24.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/442/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>