# 1-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/442)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 5-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2015 года № 193 "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-423/edition/665588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/442/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө, 1-статья (24.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-1

---

Ушул Мыйзамдын максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: музей - музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактоо, иликтөө жана эл алдына коюу үчүн түзүлгөн маданияттын коммерциялык эмес мекемеси; маданий байлыктар - улуттук, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги тарых жана маданият үчүн мааниге ээ болгон, диний же динден тышкары мүнөздөгү буюмдар; музей буюму - сапаты, болбосо өзгөчө белгилери анын сакталышын, иликтенишин жана эл алдында көрсөтүлүшүн коом үчүн зарыл кылган маданий байлык; музейлик коллекция - өзүнүн жасалышынын мүнөзүнөн, түрдүк окшоштугунан, болбосо башка белгилери боюнча бирге бириктирилгенден кийин гана музей буюмунун касиетине ээ болгон маданий байлыктардын тутуму; музей фонду - жарандык жүгүртүлүшүнө ушул Мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен гана жол берилүүчү, Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда эсепке алынган музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу болгон тутуму; сактоо - музейдин ишинин музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын сакталышын камсыз кылуучу материалдык жана юридикалык шарттарды түзүүнү кароочу негизги түрлөрүнүн бири; эл алдына коюу - музейдин ишинин музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эл алдында көрсөтүү (экспозициялар, көргөзмөлөр ж.б.), басма сөз басылмаларында, алып жүрүүчүлөрдүн ар кандай түрлөрүндө келбетин түшүрүү менен коомго көрсөтүүнүн бардык түрлөрүн өзүнө алуучу негизги түрлөрүнүн бири.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/442/st-2)
