# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 84 "Бир мандатуу аймактык № 23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча чыгып калгандын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 84 "Бир мандатуу аймактык № 23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча чыгып калгандын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2037/edition/1162706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 84 "Бир мандатуу аймактык № 23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча чыгып калгандын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4419

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 84

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Бир мандатуу аймактык № 23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча чыгып калгандын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын шайлоону даярдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 6-пунктунун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 69-статьясынын 7 пунктуна ылайык токтом кылам:

1. Бир мандаттуу аймактык № 23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча чыгып

калгандын орунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын шайлоо 2006-жылдын 14-майына, жекшембиге дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- аталган шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутатын шайлоону өткөрүүнү финансылоо маселесин чечсин;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз

Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.

4. Ташкөмүр жана Майлуусуу шаарларынын жергиликтүү өзалдынча

башкаруу органдары, Жалалабат областынын Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык масе- лелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
