Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Реснубликасында тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атанын өкүлү жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 16-февралындагы № 72
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Реснубликасында тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
атанын өкүлү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн (мындан
ары - атайын өкүл) кызмат орду Эларалык тоо жылын жана Бишкек
глобалдык тоо саммитин (2002-жылдын октябрь-ноябры) өткөрүүнүн
жүрүшүндө алдыга коюлган, өзгөчө Кыргызстандын демилгеси боюнча кабыл
алынган ООНдун Башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын 22-декабрдагы №60/198
"Тоону туруктуу өнүктүрүү" резолюциясынын жоболорун жүзөгө ашырууга
зор маани берүү менен "Эларалык тоо өнөктоштүгү" программасынын,
ошондой эле өлкөнүн тышкы карызын реструкташтырууну туруктуу
өнүктүрүүгө алмашуу, бул жагында эларалык долбоорлор менен
программаларды жүргүзүүнү координациялоону жакшыртуу зарылчылыгы,
ошондой эле Бишкек глобалдык тоо саммитин даярдоо жана туруктуу
өткөруү боюнча милдеттердин чегинде тоону туруктуу өнүктүрүү жагында
республиканын демилгелерин эларалык денгээлде жигердүү алга
илгерилетүү максатында уюштурулат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын окүлү тоолуу райондорду
өнүктүрүүнү камсыз кылууда натыйжалуу саясат жүргүзүү үчүн жагымдуу
шарттарды түзүү боюнча аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат.
2. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка
дайындалат жана кызматтан бошотулат.
3. Өз ишинде атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана
мыйзамдарын, Кыргыз Республикасыныи Президентинин Жарлыктары менен
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын,
ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Атайын өкул түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине жана
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине отчет берет.
II. Негизги милдеттери
5. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо
жана киргизүү, бул жагындагы эларалык долбоорлор жана программалар
жөнундө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдоо, башка тоолуу
мамлекеттер менен, анын ичинде Эларалык тоо өнөктөштугунун чегинде
кызматташтыкты координациялоо;
- республиканын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктурүү, тоолуу
мамлекеттердин Патрондор Кењешинин ишин координациялоо жана камсыз
кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатын эларалык
дењгээлде илгерилетүү;
- ООНдун Башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын 22-декабрындагы №60/198
"Тоону туруктуу энүктүрүү" резолюциясынын жоболорун жүзөгө ашыруу
боюнча республиканын аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо;
- ишти координациялоого жана атайын өкулдүн ыйгарым укуктарына
берилген актылардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
тапшырмаларынын аткарылышына контролдукту уюштурууга катышуу;
- тоолуу райондорго тиешелуү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу
боюнча аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын,
чарба жургүзүүчү субъекттердин (макулдашуу боюнча) аракеттерин
координациялоо;
- өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруу
бийлик органдарынын аракеттерин координациялоого катышуу;
- Кыргызстандын тышкы карызын реструкташтырууну туруктуу
өнүктүрүүгө алмашуу боюнча конверсиялык операцияларды иштеп чыгуу жана
илгерилетуү;
- тоолуу райондорду туруктуу өнуктуруүгө тартуу боюнча эларалык
жолугушууларды, конференцияларды, кењешмелерди, семинарларды уюштуруу;
- тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана колдоо жагында мыйзам базаларын
өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
- тоолуу региондордун тоолуу экосистемасын, бюоартүрдүүлүгүн жана
суу ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялоого
жана долбоорду иштеп чыгууга катышуу;
- өлкөнүн ичинде, ошондой эле четөлкөлөрдө саясий жана ишкер
чөйрөлөрдүн арасында тоолуу аймактарды колдоо жана өнүктүрүү жагында
мамлекеттин саясатын түшүндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча тоолуу
региондорду туруктуу өнүктүрүү менен байланышкан маселелер боюнча
өлкөнүн ичинде, ошондой эле четөлкөлордөгу иш-чараларга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча эларалык
уюмдарда өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо;
- тоолуу өлкөлөрдүн таламдарын колдоо үчүн ООНдун алдында белгилүү
статусу менен толуу мамлекеттердин (обочолонгон, транспорттук
каттамдар кыйын болгон) тобун түзүүгө Кыргызстандын демилгесин жүзөгө
ашыруу боюнча чараларды көрүү жана күч-аракеттерди координациялоо;
- брифингдерди, пресс-конференцияларды, "тегерек столдорду"
өткөрүү;
- жергиликтүү жана четөлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына
Эларалык тоо жылынын жана Бишкек глобалдык тоо саммитинин
тажрыйбалары, инновациялар, идеяларды алга илгерилетүү жана
рекомендациялар жөнүндө материалдарды жайгаштыруу.
III. Негизги укуктар
6. Атайын өкүл өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- анын компетенциясына берилген маселелер боюнча жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин атайын өкүлү катары чыгууга;
- мамлекеттик органдардан жана республиканын башка уюмдарынан зарыл
маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, башка
мамлекеттик органдардын маалыматтык базаларынан белгиленген тартипте
пайдаланууга;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялык
жана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен
белгиленген тартипте кызматтык кат алышууга;
- аткаруу бийлик органдарынын, мамлекеттик мекемелердин,
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен
макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин, илимпоздорду жана адистерди,
башка уюмдардын өкүлдөрүн атайын өкүлдүн карамагына тиешелүү
маселелерди чечүүгө катышууга тартууга;
- мамлекеттик символикасы бар өз бланкына ээ болууга.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.