# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2033/edition/513681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө" жарлыгы (17.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4412

---

КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 13-февралы ПЖ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын, 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин ишин андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин тиркелген Жобосу жана кызмат орундары боюнча курамы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 16-февралындагы № 46 Указы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси

боюнча Улуттук кеңештин (кызмат орду боюнча)

КУРАМЫ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын, 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы | 1 киши Улуттук кеңештин төрагасы |
| --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) | 3 киши |
| Жогорку Сот | 1 киши |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | 8 киши |
| Вице-премьер-министр | 1 киши |
| Финансы министрлиги (министрдин деңгээлинде) | 1 киши |
| Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги (министрдин деңгээлинде) | 1 киши |
| Саламаттыкты сактоо министрлиги (министрдин деңгээлинде) | 1 киши |
| Ички иштер министрлиги (министрдин деңгээлинде) | 1 киши |
| Юстиция министрлиги (министрдин деңгээлинде) | 1 киши |
| Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (министрдин деңгээлинде) | 1 киши |
| Кыргыз Республикасынын миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети (төраганын деңгээлинде) |  |
| Областтардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (мамлекеттик администрациялардын башчылары губернаторлордун жана шаарлардын мэрлеринин деңгээлинде) | 9 киши |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы | 1 киши Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | 1 киши - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жооптуу катчысы |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги (директордун деңгээлинде) | 1 киши |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (директордун деңгээлинде) | 1 киши |
| Бишкек шаардык кеңеши | 1 киши |
| Өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | 9 киши |
| Саясий партиялар (макулдашуу боюнча) | 2 киши |
| Бардыгы: | 37 киши |
