Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө ЖОБО
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 11 ноября 2010 года УП № 282 "(Данный Указ Президента Кыргызской Республики является документом для служебного пользования.)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-11-11.
КР Президентинин 2010-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ N 282 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы N 63 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Улуттук гвардиянын жетекчлиги III. Улуттук гвардиянын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен мамилелери IV. Улуттук гвардиядагы кызмат
V. Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларынын укуктук жана
социалдык жактан коргоо кепилдиктери VI. Финансылоо жана материалдык-техникалыктан камсыз кылуу VII. Улуттук гвардиянын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк кылуу VIII. Улуттук гвардияны өзгөртүп түзүү
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (мындан ары - Улуттук гвардия) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамдык бөлүгү болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Президентине - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысына тикелей баш ийүүдө турган, ал эми согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Колбашчысынын резерви болуп саналган өзалдынча аскердик түзүлүш болуп саналат.
2. Улуттук гвардиянын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик актылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
Өз ишинде Улуттук гвардия мыйзамдуулук, гуманизм, инсандын укуктарын сактоо жана жеке башчылык принциптерин жетекчиликке алат.
3. Улуттук гвардиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча айрым милдеттерди аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик маанилүү объекттерди кайтаруу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы менен бирдикте четмамлекеттердин жана четөлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн башчылары Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда алардын жыйналыш, кеңешме өткөрүү жерлеринде коопсуздукту камсыз кылуу;
- четмамлекеттердин башчыларын тосуп алуу жана узатуу ырасымдарына катышуу:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте бөөдө кырсыктардын, авариялардын жана алааматтардын залалдарын жоюуга катышуу;
- белгиленген тартипте:
терроризмге каршы күрөшүүгө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдеринин чегинде тынчтыкты сактоо иш-чараларына катышууга;
- Президент - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы алдыга койгон башка милдеттерди аткаруу.
4. Улуттук гвардиянын өзүнүн символикасы, Күжүрмөн Туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган мөөрү болот.
Улуттук гвардиянын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн жана аскер кызматчыларынын айырмалоочу белгилерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
5. Улуттук гвардиянын туракжай жана кызматтык жайлары, бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн жана башкармасынын башка курулуштары, окуу объекттери, окуу-материалдык базасы, ошондой эле табелдик мүлкү, байланыш каражаттары, күжүрмөн жана башка техника Улуттук гвардия тарабынан окуу-күжүрмөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланылат, алар мамлекеттик менчик болуп саналат.
6. Улуттук гвардияда башкаруу, ишкагаздарын жүргүзүү жана кызматтык кат алышуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
II. Улуттук гвардиянын жетекчлиги
7. Президент - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын начальнигинин сунушу боюнча Улуттук гвардиянын колбашчысын жана анын орунбасарларын кызматка дайындайт жана бошотот;
- Улуттук гвардиянын колбашчысынын сунушу боюнча мамлекеттик күзөт Кызматы менен макулдашуу боюнча Улуттук гвардиянын бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык санын, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү бекитет.
8. Улуттук гвардиянын колбашчысы Улуттук гвардияга жүктөлгөн милдеттерди аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат, өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн ченемдик актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
- Улуттук гвардиянын колбашчысынын сунушу боюнча Улуттук гвардиянын бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн жайгашуу жана орун которуштуруу пландарын бекитет;
9. Улуттук гвардиянын колбашчысы:
- бүткүл өздүк курамдын тикелей начальниги болуп саналат жана Улуттук гвардиянын бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнө түздөн-түз жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы менен макулдашуу боюнча Улуттук гвардиянын күндөлүк ишинин милдеттерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматынын начальнигине Улуттук гвардиянын бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн жайгашуу жана орун которуштуруу планын бекитүүгө сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматынын начальнигине Улуттук гвардиянын колбашчысынын сунушу боюнча Улуттук гвардиянын, анын бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын планын жана программасын бекитүүгө сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматы менен макулдашуу боюнча Улуттук гвардиянын уюштуруу-штаттык түзүмүн, бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн санын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы менен макулдашып чакыруу боюнча кыска мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары менен бөлүктөр менен бөлүмдөрдү толуктоону пландаштырат, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык аскердик кызматтан запаска бошотууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы менен макулдашуу боюнча буйруктарды, директиваларды, нускоолорду, жоболорду чыгарат жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- бөлүктөр менен бөлүмдөрдүн туруктуу күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыган сактайт;
- согуш учурунда бөлүктөр менен бөлүмдөрдун күжүрмөн ишине, тынчтык учурунда бөлүктөр менен бөлүмдөрдүн күжүрмөн даярдыгына, алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүүгө, окуу-материалдык базаны өнүктүрүүгө жана өздүк курам үчүн зарыл социалдык-турмуш-тиричилик шарттарды түзүүгө жетекчилик кылат;
- офицерлер, прапорщиктер, узак мөөнөттүү аскер кызматчылары, мыйзамдарга ылайык контракт боюнча кызмат өтөп жаткан адамдар аскердик кызмат өтөшүнүн маселелерин чечет;
- Улуттук гвардиянын өзгөчө айырмаланган аскер кызматчыларын, жумушчуларын жана кызматчыларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына сунуш кылат;
- Улуттук гвардиянын тиешелүү командирлеринин жана зардалдарынын сунушу боюнча аскер наамдарын берет жана "полковникти" кошуп алганда ага чейинки наамдагы аскер кызматчыларын аскер кызматынан бошотот;
- тиешелүү начальниктердин сунушу боюнча офицерлерди, прапорщиктерди, катардагы жана сержанттык курамдагы аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча аскердик жана башка техниканы бөлүктөр менен бөлүмдөрдүн куралдарына кабыл алат;
- жараксыз абалга келген мүлктү же жоголгон материалдык байлыктарды жана акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аскердик (бюджеттик) эсептен чыгарат.
Улуттук гвардиянын колбашчысы белгиленген санды бөлүнгөн каражаттардын чектеринде 10%ке чейин өзгөртүүгө укуктуу.
III. Улуттук гвардиянын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен мамилелери
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Улуттук гвардияны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу тартибин жана ченемдерин аныктайт жана белгилейт, жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон курал, авиациялык, автомобилдик, бронетанкалык жана башка техника менен жабдууну жүзөгө ашырат;
- Улуттук гвардияны финансылык каражаттар менен камсыз кылат;
- Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларын, запаска бошотулган адамдарды жана алардын үйбүлө мүчөлөрүн социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу боюнча ведомстволук уюмдардын ишин уюштурат.
IV. Улуттук гвардиядагы кызмат
11. Улуттук гвардиянын кадрлары аскер кызматчыларынан, кызматчылардан жана жумушчулардан түзүлөт. Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларынын аскердик наамдары, ошондой эле алар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген айырмалоо белгилери жана кийим формасы болот. Аларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө шарттарын жөнгө салган ченемдик актылар жана жалпы аскердик уставдардын талаптары жайылтылат.
Улуттук гвардиянын кызматчыларынын жана жумушчуларынын эмгек иши Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
12. Улуттук гвардияга аскер кызматына 18 жаш куракка жеткен, денсоолугунун абалы аба-десанттык аскерлерде аскердик кызмат өтөөгө жарактуу, орто билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн кайсы улутка таандык экендигине карабастан кабыл алынат.
Улуттук гвардиянын солдаттарынын жана сержанттарынын орундары ошондой эле ыктыярдуу негизде жана контракт боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары менен толукталат. Улуттук гвардияга аскердик кызматка кирген аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын элине жана анын Президентине берилгендигине аскердик ант берет. Улуттук гвардиядагы кызматтын мөөнөтү аяктагандан кийин аскер кызматчылары белгиленген тартипте запаска бошотулат жана жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына аскердик эсепке турат. Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тиешелүү ченемдик актылары жана ушул Жобо менен аныкталат.
13. Улуттук гвардиянын кадрларын даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын, ошондой эле башка мамлекеттердин аскердик-окуу жайларында, жогорку окуу жайларынын аскердик кафедраларында жүргүзүлөт.
Прапорщиктерди, сержанттарды жана кенже адистерди даярдоо Улуттук гвардиянын окуу бөлүмүндө жүргүзүлөт.
14. Кыска мөөнөттөгү кызматтагы аскер кызматчылары, прапорщиктер жана офицерлер менен толуктоону Улуттук гвардиянын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөт.
V. Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларынын
укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери
15. Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана эркиндиктерине ээ.
16. Улуттук гвардиянын бардык аскер кызматчылары республикалык бюджеттин эсебинен милдеттүү түрдө мамлекеттик жеке камсыздандырылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган учурларда, тартипте жана өлчмдө аларга жана алардын үйбүлөлөрүнө жөлөкпул төлөнөт.
17. Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына (буга кыска мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары кирбейт) Улуттук гвардиядагы кызматтын бир айы бир жарым ай катары эсептелет.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына социалдык жактан коргоонун ушул Жободо каралбаган башка кошумча кепилдиктерин да белгилей алат.
VI. Финансылоо жана материалдык-техникалыктан камсыз кылуу
19. Улуттук гвардия Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын, ошондой эле аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдөн жана иштерден келип түшкөн каражаттардын эсебинен өзүнчө сап менен финансыланат.
Улуттук гвардиянын банкта эсептери, анын ичинде валюталык эсептери болот.
20. Материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу тартиби жана ченемдери Улуттук гвардиянын бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн милдетин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
VII. Улуттук гвардиянын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк кылуу
21. Улуттук гвардиянын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көзөмөлдүк кылат.
VIII. Улуттук гвардияны өзгөртүп түзүү
22. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын өзгөртүп түзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2010-жылдын 11 ноябрындагы ПЖ № 282 "(Кыргыз Республикасынын Президентинин бул указы кызматтык пайдалануу документи болуп саналат)" ЖарлыгыУказ · 11.11.2010 · № 282
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13 февралындагы №63 жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу жобосу"Указ · 13.02.2006 · № 63 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон