# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13 февралындагы №63 жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу жобосу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13 февралындагы №63 жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу жобосу"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2032/edition/522171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13 февралындагы №63 жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу жобосу" (11.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4410

---

КР Президентинин 2010-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 282 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 13-февралы ПЖ № 63 Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу

Башкаруу системасын өркүндөтүү, мамлекеттик өзгөчө мааниси бар объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күч жана каражаттарды топтоо, Кыргыз Республикасынын коопсуздугу жагында мамлекеттик башкарууну андан ары оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы ушул Жарлыктан келип чыккан тийиштүү уюштуруу маселелерин чечсин жана өз чечимдерин ага ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:

- 1996-жылдын 29-октябрындагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу";

- 2002-жылдын 12-декабрындагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 29-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 21-августундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 29-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Указына толуктоолорду киргизүү жөнүндө".

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
