# 9-статья. Кыргыз Республикасындагы олимпиадалык кыймыл

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 9-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-9

---

Кыргыз Республикасындагы олимпиадалык кыймыл эл аралык олимпиадалык кыймылдын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана төмөндөгүлөрдү өзүнө максат кылат:

- олимпиадалык идеалдарды, гуманистик дөөлөттөрдү жана олимпизм принциптерин жайылтуу, жаш муундарды өз ара түшүнүшүү жана достук духунда тарбиялоо;

- эл аралык олимпиадалык кыймылдын программаларына жана иш - чараларына катышуу.

Өлкөдөгү олимпиадалык кыймыл Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети - өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Олимпиадалык хартияга, Эл аралык олимпиадалык комитетке жана өзүнүн уставына ылайык жүзөгө ашыруучу дене тарбия - спорттук коомдук бирикме тарабынан координацияланат жана багыт берилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети Олимпиадалык оюндарды кошкондо Эл аралык олимпиадалык комитет жүргүзүүчү бардык иш -чараларда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-10)
