# 8-статья. Дене тарбия жана спортту башкаруучу коомдук органдар

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2018 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111756)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2018 [Закон КР от 16 февраля 2018 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111756); 23.04.2016 [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111329); 01.06.2013 [Закон КР от 1 июня 2013 года № 87 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/203895)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=1249261..1249262>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 8-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-8

---

Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт жагынан мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле уставдарда, хартияларда жана башка документтерде аныкталган тартипти жана шартта иштеген, республиканын дене тарбия - спорттук уюмдары мүчөлөрү болуп саналган тийиштүү эл аралык спорттук бирикмелердин ишин жөнгө салган, дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин тармагы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети жана спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялар дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы официалдуу коммдук бирикмелер болуп саналат. Дене тарбия - спорттук коомдор, кесиптик лигалар, клубдар комиссиялар жана дене тарбиясы менен спортту өнүктүрүүнү өз максаты кылган граждандардын башка бирикмелери дене тарбиясы жана спорт жагынан мамлекеттик саясаттын талаптарына карама-каршы келбеген чекте "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо жана уюштуруу маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы официалдуу коомдук бирикмелердин ишин финансылаган, координациялаган жана эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыккан орган болуп саналат. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спорт түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды аккредитациялоону жүзөгө ашырат. Аккредитация жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2013-жылдын 1-июнундагы №87, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 , 2026-жылдын 28-июлундагы № 128 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-9)
