# 6-статья. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дене тарбия жана спорт жагындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050245)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050245); 14.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/112572); 16.04.2021 [Закон КР от 16 апреля 2021 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)", "О физической культуре и спорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112217); 18.07.2020 [Закон КР от 18 июля 2020 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/112099); 16.02.2018 [Закон КР от 16 февраля 2018 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111756); 23.04.2016 [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111329)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=26446..57738>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 6-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- дене тарбия жана спорт жагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

- маалыматтык камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик тутумун түзүүнү камсыз кылат;

- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт;

- дене тарбия жана спортту, дене тарбия жана спорт жагындагы илимий изилдөөлөрдү, дене тарбия жана спортсмендерди даярдоо тутумун илимий-методикалык жактан камсыз кылууну, кесиптик даярдоону, дене тарбия жана спорт жагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоонун мамлекеттик ченемдерин аныктайт;

- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо жана уюштуруу маселелери боюнча дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт багытындагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;

- дене тарбия жана спорт жаатында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлык түрүндөгү мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын спортсмендерине стипендияларды төлөө тартибин аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;

- спортто допингге каршы иш-чараларды жүргүзүүнү контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;

- спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды юстиция органдарында каттоо (кайра каттоо) жана реестрин жүргүзүү үчүн макулдук берүүнүн тартибин аныктайт.

Бир жолку акчалай сый акыларды төлөө өлчөмү Олимпиада, Паралимпиада, Сурдлимпиада, Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндарына, дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарына спортчулардын катышуусу башталганга чейин 1 жыл мурун аныкталат. Мында, чемпиондор жана байге ээлери үчүн сый акылардын суммалары, ошондой эле машыктыруучулар (курама команданын башкы машыктыруучусу, курама команданын улук машыктыруучусу, жеке машыктыруучу, биринчи машыктыруучу) жана врачтар үчүн бөлүштүрүлүүчү сый акылардын суммалары жана аларды бөлүштүрүү пайыздары буга чейин төлөнүп берилген бир жолку акчалай сый акылардын суммасынан кем эмес белгиленет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актылары аркылуу башка орундар үчүн бир жолку акчалай сый акылардын мамлекеттик төлөмдөрүн белгилөөгө укуктуу.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 , 2026-жылдын 28-июлундагы № 128 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-7)
