# 5-статья. Дене тарбиясынын жана спорттун программалык негизи

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2025 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020947)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.01.2025 [Закон КР от 21 января 2025 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020947); 18.11.2011 [Закон КР от 18 ноября 2011 года № 219 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203459)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=17599..26446>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 5-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-5

---

Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй мамлекеттик программалар бар: мектепке чейинки мекемелердеги балдарды, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку окуу жайлардын окуучуларын жана студенттерин дене тарбия жагынан тарбиялоо; дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик жогорку окуу жайлардын студенттерин кесиптик - прикладдык өнөргө даярдоо; аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын өздүк курамын, өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын, аскерге чакырылганга чейинки курактагы жаштарды аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дене тарбиясы жагынан тарбиялоо; дене тарбия - спорттук секциялардын, ийримдердин, клубдардын, балдардын - өспүрүмдөрдүн спорттук жана балдардын - өспүрүмдөрдүн спорттук - техникалык мектептеринин, олимпиадалык резервдеги окуу жайлардын жана курама командаларды олимпиадалык даярдоо борборлорунун жана дене тарбиясы менен спорттун адистештирилген мекемелери менен уюмдарынын багыты боюнча ар түрдүү квалификациядагы спортсмендерди даярдоо. (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2025-жылдын 21-январындагы № 21 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-6)
