# 35-статья. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу спорттук-жана техникалык спорттук курулуштарды салуу

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2024 года № 135 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/230014956)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=1249265..17599>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 35-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-35

---

Мамлекет дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, спорттук жана спорттук - техникалык курулуштарды салууну, реконструкциялоону жана пайдаланууну каржылоого катышат, уюмдарды түзүүгө жана күтүүгө тартат. Жарандардын дене тарбия көнүгүүлөрү жана спорт менен машыгуусу үчүн түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын калкынын дене тарбия көнүгүүлөрү жана спорт менен машыгуусу үчүн спорттук база менен камсыз кылуунун бирдиктүү системасына кирген объектилер менчигинин формасына карабастан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо, спорттук жана спорттук - техникалык имараттардан болуп саналат. Сүзүүчү бассейиндерди кошкондо дене тарбия - спорттук базасыз бардык типтеги мамлекеттик билим берүү мекемелерин жана мектепке чейинки мекемелерди (кошумча билим берүү мекелеринен тышкары) жаңыдан курууга жана мурункуларын реконструкциялоого, ошондой эле ага тете жайларды салбай туруп дене тарбия - ден соолукту чыңдоочу жана спорттук жайларды жок кылууга жол берилбейт. Дене тарбия-спорт боюнча жаңы инфратүзүмдү (спорт залдарын, сүзүүчү бассейндерди, спорттук комплекстерди) курууда жана колдонуудагысын реконструкциялоодо алардын ээлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ага кирүүсүнө шарттарды түзүүгө милдеттүү. (КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-34)  
Кийинки берене: [35-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-35-1)
