# 34-статья. Дене тарбиясын жана спортту каржылоо

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 34-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-34

---

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети, жергиликтүү бюджеттер, мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын жана бирикмелердин, анын ичинде спорттук иш - чараларды рекламалоого жана телевизордон тарттырууга укуктарды сатуудан, дене тарбия - спорттук оюн зоокторду, спорттук лотереяларды өткөрүүдөн, уюмдардын жана жарандардын кайрымдуулуктарынан түшкөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар дене тарбиясы жана спортту каржылоо булагы болуп саналат. Дене тарбия жана спорт мекемелери менен уюмдарын каржылоо дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын каржылоонун мамлекеттик нормативдеринин негизинде ишке ашырылат. Дене тарбия жана спортту каржылоого каражат Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт. Бюджеттен тышкаркы булактардан түшкөн каражат дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө бюджеттик чегерүүлөрдү кыскартуу үчүн негиз болуп саналбайт. Жогорку жетишкендиктер спорту жагынан дене тарбия жана спорт мекемелери менен уюмдары республикалык жана жерлигиктүү бюджеттерден артыкчылык менен жана кошумча каржылоо укугунан пайдаланышат.

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-35)
