# 33-статья. Дене тарбия жана спортто тыюу салынган ыкмалар жана каражаттар

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 33-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-33

---

Кыргыз Республикасында жогорку спорттук натыйжаларга калыстыгы жок таймаштын жана даярдык көрүүнүн негизинде жетишүүгө көмөк көрсөткөн ыкмалар менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат. Эл аралык спорттук уюмдар белгилеген тыюу салынган ыкмалар менен каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын аймагында толук колдонулат. Даярдык көрүүнүн жүрүшүндө жана мелдеш мезгилинде тыюу салынган спорттук ыкмаларды жана каражаттарды колдонгон спортсмен эл аралык спорттук уюмдардын жана спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын эрежелерине ылайык тартиптик жаза колдонууга дуушар болот, Спортсменди дисквалификациялоого байланыштуу эл аралык спорттук уюмдар салган жаза санкцияларын төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Спорттун түрлөрү боюнча федерациялар эл аралык реестрге ылайык тыюу салынган ыкмалар менен каражаттардын тизмесин маалы менен спорттук уюмдарга жеткирип турат жана анын сакталышына тийиштүү контролду камсыз кылат. IV Глава Дене тарбиясын жана спортту каржылоо жана анын экономикалык негиздери

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-34)
