# 32-статья. Кыргыз Республикасынын курама командасынын тутумуна кирген спортсменге кошумча кепилдиктер

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050245)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=26446..57738>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 32-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-32

---

Кыргыз Республикасынын курама командасынын же спорттун ойнолуучу түрлөрү боюнча чеберлердин командасынын тутумуна кирген спортсмен менен беш жылдан кем эмес мөөнөткө келишим (контракт) түзгөн адам анын саламаттыгы сакталышын, аны социалдык жана медициналык жактан камсыздандырууну, спорттук ишмердиги бүткөндөн кийин эмгекке орноштурууну камсыз кылууга, спортсмендин машыгуу же мелдеш учурунда, анын ичинде майыптыкка алып келген кесиптик ооруга байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн, анын тарткан чыгымын келишимде (контракта) башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөп берүүгө милдеттүү. Спортчунун Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамындагы болгон убактысы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү эмгек стажына эсептелет. (КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-33)
