# 31-статья. Дене тарбия жана спорт жагынан адистерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/112572)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/112572); 23.04.2016 [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111329)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=1249264..1249265>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 31-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-31

---

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт боюнча адистерди даярдоо боюнча билим берүүнүн бардык деңгээлдеги мамлекетгик билим берүү стандарттары белгиленет. Адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо программалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана дене тарбиясы - спорттук жогорку кесиптик окуу жайлар тарабынан ишке ашырылат. Дене тарбия жана спорт жагынан мамлекеттик билим берүү стандарттарын толук өздөштүргөн адамдарга дене тарбиясы жана спорт жагынан жогорку окуу жайлар белгиленген тартипте белгиленген үлгүдөгү документ берет. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-32)
