# 27-статья. Дене тарбия жана спорт менен машыккан адамдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 27-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-27

---

Дене тарбия жана спорт менен машыккан адамдар төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- мамлекеттик билим берүү программаларына ылайык дене тарбиясы жана спорт жагынан билим алууга жана даярдыктан өтүүгө; ушул чектерде дене тарбиясы жана спорт жагынан өркүндөп өсүүгө багытталган даярдык көрүүнүн жекече системаларын тандап алууга; контракттык (акыга) негизде кошумча билим алууга жана дене тарбия - спорт жагынан көрсөтүлгөн кызматтан пайдаланууга;

- дене тарбия жана спорт мекемелерин жана уюмдарын башкарууга катышууга;

- алардын адамдык кадыр - баркын урматтого көз караштарынын, ишенимдеринин эркиндигине жана аны эркин билдирүүгө;

- белгилүү бир спорттук команданын курамында беттешүү жөнүндө келишим түзүүгө.

Дене тарбия жана спорт менен машыккан адамдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- мамлекеттик талаптардын деңгээлинде дене тарбиясынын жана спорттун программалык - нормативдик негиздерин өздөштүрүүгө;

- дене тарбия жана спорт мекемелери менен уюмдарынын ички тартип эрежелерин сактоого;

- мелдештердин эрежелерин жана спорттук этиканын талаптарын сактоого;

- өз учурунда медициналык кароодон өтүүгө;

- агрессиянын, ырайымсыздыктын жана зомбулуктун көрүнүштөрүнө жол бербөөгө.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-28)
