# 25-статья. Дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик педагогикалык ишмердик

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/112572)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/112572); 18.07.2020 [Закон КР от 18 июля 2020 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/112099); 16.02.2018 [Закон КР от 16 февраля 2018 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111756); 23.04.2016 [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111329); 15.01.2013 [Закон КР от 15 января 2013 года № 4 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/203811); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 133 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/203733)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=1249264..1249265>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 25-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-25

---

Дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик педагогикалык ишмердик жүргүзүүгө дене тарбия жана спорт окуу жайы тарабынан белгиленген тартипте берилген "Дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча кесиптик билим берүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү документи бар адамдарга жол берилет. Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" же "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамдары бар адамдар квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өткөндөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу. Эл аралык спорттук уюмдардын тийиштүү сертификаттары жана лицензиялары бар адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу. Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогикалык иш жана окуу-машыгуу сабактары эсептик каттоодон өткөн адам тарабынан жүзөгө ашырылат. Кесиптик педагогикалык жана окуу-машыгуу иши менен алектенген адамдарды эсептик каттоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы N 596 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу" токтому Педагогикалык машыктыруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратуу мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларына төмөнкүдөй кошумча акы белгиленет: 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн кызматтык маянанын он пайызынан кем эмес, 10 жыл үчүн - жыйырма пайызынан кем эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн - отуз пайызынан кем эмес өлчөмдө. Спорттун интеллектуалдык жана башка кооптуу эмес түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарына окутуунун кыска мөөнөттүү курстарын бүткөн адамдарга жол берилет. Окутуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өтүү тартиби жана спорттун интеллектуалдык жана башка кооптуу эмес түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 133, 2013-жылдын 15-январындагы № 4, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-26)
