# 23-статья. Спорттук мелдештер жана массалык дене-тарбиялык спорттук оюн-зоок

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050245)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=26446..57738>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 23-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-23

---

Республикалык жана эл аралык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук-массалык негизги иш-чаралардын календардык планы жыл сайын кийинки календардык жылдын башталышына чейин бекитилет. Жогоруда көрсөтүлгөн календардык планга киргизилбеген иш-чаралар мамлекет тарабынан каржыланбайт. Кыргыз Республикасынын ири масштабдагы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин макулдугу менен гана жол берилет. Жалпы улуттук мааниси болгон ири масштабдуу спорттук иш - чараларды жана массалык дене тарбиялык спорттук оюн - зоокторду өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзгөн уюштуруу комитети тарабынан жүзөгө ашырылат. Спорттук мелдештерге судьялык кылууга дене тарбиялык спорттук уюмдарда атайын даярдыктан өткөн жана дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же эл аралык спорттук уюмдар тарабынан спорттун түрү боюнча судья катары аттестацияланган адамдарга жол берилет. Кыргыз Республикасынын чемпионаттарынын, биринчиликтеринин жана спартакиадаларынын ачылыш аземдеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырат. Спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Спорттук иш-чараларды уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчилик тартат.

(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 , 2026-жылдын 28-июлундагы № 128 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-221)  
Кийинки берене: [23-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-23-1)
