Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
221-статья. Спортто допингди пайдаланууга каршы аракеттенүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2020 года № 82
Спортто допингди болтурбоо жана аны менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин бузуу болуп төмөнкүлөр саналат:
- спортсмен тарабынан же спорттук мелдешке катышкан жаныбарга карата допингди пайдалануу;
- спортсмендин сынам алууга келүүдөн баш тартуусу, Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерине ылайык билдирүү алгандан кийин спортсмендин жүйөөлүү себептерсиз сынам алууга келбөөсү же спортсмендин сынам алуудан качуусу;
- мелдештен тышкаркы мезгилде андан сынам алуу үчүн спортсмендин жеткиликтүүлүгүнө тийиштүү Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелеринин талаптарынын бузулушу, анын ичинде анын турган жери тууралуу маалыматты бербөөсү жана анын тестирлөөгө катышуу үчүн келбөөсү;
- допинг-контролду кандай гана болбосун этабында бурмалоо же бурмалоо аракети;
- Допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан тыюу салынган субстанцияларды терапиялык пайдалануу үчүн Эл аралык стандартка ылайык берилүүчү терапиялык пайдаланууга уруксатсыз допингге ээ болуусу;
- допинг жөнүндө үгүт маалыматтарын жайылтуу.
Спортсмендер, ошондой эле машыктыруучулар, спорттук медицина боюнча адистер, дене тарбия жана спорт жаатындагы башка персонал тарабынан Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин бузууга жол берилбейт. Спортсмен тарабынан допингди пайдалануу, ошондой эле спорттук мелдешке катышкан жаныбарга карата допингди пайдалануу фактысы Допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан аккредиттелген лабораторияларда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары менен ырасталат. Допинг-контроль тесттерди жүргүзүүнү пландоону, сынамдарды алууну, аларды сактоону, ташууну, сынамдарга лабораториялык анализди, тесттен кийинки жол-жоболорду, ошондой эле тийиштүү угууларды өткөрүүнү жана апелляцияларды кароону өзүнө камтуучу процессти түшүндүрөт. Допинг-контроль жол-жобосу мелдеш жана мелдештен тышкаркы мезгилдерде жүзөгө ашырылат. Эгерде спорттун тийиштүү түрү боюнча эл аралык спорт федерациясынын же Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эрежелеринде башкача каралбаса, спортсмендин жана (же) жаныбардын конкреттүү спорттук мелдешке катышуусу менен байланышкан мезгил мелдеш мезгили деп түшүнүлөт. Мелдеш мезгилине кирбеген убакыт мелдештен тышкаркы мезгил болуп саналат. Допингди пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча чаралар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- допинг-контроль жүргүзүүнү;
- допингди колдонууну алдын алууну;
- спортто допингди болтурбоого жана аны менен күрөшүүгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- спортсмендердин иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү каражаттарды жана ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- спортто допингди болтурбоо жана аны менен күрөшүү жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууну.
Спорттук мелдештердин уюштуруучулары эл аралык спорттук уюмдардын талаптары менен чечимдерин жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен милдеттүү допинг-контроль жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. (КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/441/st-221" title="221-статья - Дене тарбия жана спорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>