# 22-статья. Жогорку жетишкендиктердин спорту. Кесиптик спорт

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/112572)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/112572); 23.04.2016 [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111329)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=1249264..1249265>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 22-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-22

---

Кыргыз Республикасында адамдын ички мүмкүнчүлүктөрүн ачууну, жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүнү, рекорддорду белгилөөнү камсыз кылуучу жогорку жетишкендиктердин спортуна жана кесиптик спортко жол ачылган. Жогорку класстагы спортсмендерди даярдоо адистештирилген уюмдар тарабынан ишке ашырылат, алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде дене тарбиясы менен спортту башкаруучу мамлекеттик органдар жогорку класстагы спортсмендерди даярдоо боюнча адистештирилген уюмдардын уюштуруучулары болуп саналат. Жогорку класстагы спортсмендерди даярдоо боюнча адистештирилген уюмдар мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик болушу мүмкүн. Аткарган ишинин негизги түрү катары жогорку жетишкендиктер спорту менен машыккан жана мелдештерге даярдык көргөндүгү жана ага катышкандыгы үчүн эмгек акы же сыйлык алган адам Кыргыз Республикасында кесипкөй спортсмен деп таанылат. Кесипкөй спортсмендер спорттун түрлөрү боюнча расмий түрдө таанылган федерацияларда, дене тарбия - спорттук уюмдарда турушат. Кесипкөй спортсмендин иш-аракети эл аралык стандарттардын негизинде иштеп чыккан атайын нормалар менен жөнгө салынат. Спортсмендин адистигине жана спорттун түрлөрү боюнча судьяларга квалификациялык нормативдер жана талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Белгиленген классификациялык нормативдерди жана спортсменге коюулуучу талаптарды аткарууда Бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык тийиштүү спортгук разряд же наам ыйгарылат. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-21)  
Кийинки берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-221)
