# 21-статья. Дене тарбия жана спорт менен машыгууларды, спорттук мелдештерди жана дене тарбиясы спорттук оюн зоокторду өткөрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, жарандардын саламаттыгын, ар намысын жана кадыр баркын сактоо

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 21-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-21

---

Дене тарбия жана спорт уюмдарынын кызматкерлери дене тарбия жана спорттук машыгууларды, спорттук мелдештерди жана дене тарбиясы спорттук оюн зоокторду өткөрүүдө коопсуздук нормаларын жана эрежелерин сактоого, ага катышкандардын жана көрүүчүлөрдүн ден соолугуна, кадыр - баркына жана ар намысына зыян келтирилишине, ырайымсыздык жана зомбулук көрүнүштөрүнө жол бербөөгө милдеттүү. Окуу-машыгуу жана спорттук иш-чараларга катышууга жол берүү медициналык кароонун натыйжаларына ылайык ишке ашырылат. Медициналык жактан камсыз кылбастан, ошондой эле адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизген аба ырайынын жагымсыз мезгилинде спорттук мелдештерди жана дене тарбия - спорттук оюн зоокторду өткөрүүгө жол берилбейт. Дене тарбия ден соолукту чыңдоочу жана спорттук курулуштардын администрациясы коопсуздук техникасынын эрежелерине жана санитардык - гигиеналык нормаларга ылайык машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүчү жерлерди техникалык жактан талаптагыдай жабдууну камсыз кылат жана дене тарбиясы, спорт менен машыккан адамдардын жана көрүүчүлөрдүн ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-22)
