21-статья. Дене тарбия жана спорт менен машыгууларды, спорттук мелдештерди жана дене тарбиясы спорттук оюн зоокторду өткөрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, жарандардын саламаттыгын, ар намысын жана кадыр баркын сактоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
Дене тарбия жана спорт уюмдарынын кызматкерлери дене тарбия жана спорттук машыгууларды, спорттук мелдештерди жана дене тарбиясы спорттук оюн зоокторду өткөрүүдө коопсуздук нормаларын жана эрежелерин сактоого, ага катышкандардын жана көрүүчүлөрдүн ден соолугуна, кадыр - баркына жана ар намысына зыян келтирилишине, ырайымсыздык жана зомбулук көрүнүштөрүнө жол бербөөгө милдеттүү. Окуу-машыгуу жана спорттук иш-чараларга катышууга жол берүү медициналык кароонун натыйжаларына ылайык ишке ашырылат. Медициналык жактан камсыз кылбастан, ошондой эле адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизген аба ырайынын жагымсыз мезгилинде спорттук мелдештерди жана дене тарбия - спорттук оюн зоокторду өткөрүүгө жол берилбейт. Дене тарбия ден соолукту чыңдоочу жана спорттук курулуштардын администрациясы коопсуздук техникасынын эрежелерине жана санитардык - гигиеналык нормаларга ылайык машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүчү жерлерди техникалык жактан талаптагыдай жабдууну камсыз кылат жана дене тарбиясы, спорт менен машыккан адамдардын жана көрүүчүлөрдүн ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/441/st-21" title="21-статья - Дене тарбия жана спорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>