# 15-статья. Ишканалардагы мекемелердеги жана уюмдардагы дене тарбиясы жана спорт

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 15-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-15

---

Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы менчигинин формасына карабастан кесиптик союздар менен биргелешип кызматкерлерге жумуш күнүнүн режиминде реабилитациялык жана кесиптик - прикладдык машыгууларды, иштен кийинки калыбына келтирүүнү, профилактикалык машыгууларды, спорттук - массалык иштерди, спорттук - саламаттыкты чыңдоочу туризмди кошкондо, дене тарбиясы жана спорт менен машыгууга өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн кызматкерлерге шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Дене тарбия жана спорт менен машыгуучу материалдык база түзүү жана пайдалануу, кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жекече жана коллективдүү машыктырууну каржылоо жана адистер менен камсыз кылуу тартиби коллективдик жана эмгек келишимдери (контракттары) менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-16)
