# 13-статья. Мектепке чейинки мекемелердеги балдардын, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучуларынын жана студенттеринин дене тарбиясы

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111329)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=1249260..1249261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 13-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-13

---

Мектепке чейинки мекемелердеги балдардын, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучуларынын жана студенттеринин саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, алардын дене тарбиясы жагынан өркүндөөгө жана жакшы жашоо үлгүсүнө умтулуусун калыптандыруу бардык типтеги билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелердин негизги милдеттеринин бири болуп саналат, көрсөтүлгөн мекемелердин администрацияларынын жана ар бир педагогикалык кызматкердин милдетине жатат. Билим берүүчү мекемелер өз алдынча жергиликтүү шарттарды жана билим алып жаткандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен дене тарбиясы менен машыгуунун формаларын жана дене тарбиясын берүү каражаттарын, спорттун түрлөрүн жана кыймылдоо активдүүлүгүн, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана Дене тарбия - спорт комплексинин нормативдеринин негизинде методдорун жана сабактардын узактыгын аныктайт, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүчү мекемелерди жана дене тарбия - спорттук коомдук бирикмелерди, анын ичинде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча федерацияларды тартуу менен илимий жактан негизделген оптималдуу кыймылдоо режиминин көлөмүндө окуудан тышкаркы дене тарбия - ден соолукту чыңдоо спорттук, жана аскердик - спорттук иштерди жүргүзөт. Мектепке чейинки мекемелер жана билим берүүчү мекемелер жыл сайын мамлекеттик такталган нормативдерге ылайык окуп жаткандардын жана мектепке чейинки курактагы балдардын дене тарбиясы жагынан даярдыгын жыл сайын тесттен өткөрүп турат. Кесиптик жогорку окуу жайлардын студенттерин дене тарбиясына жана спортко кесиптик - прикладдык даярдоо мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык ишке ашырылат. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-14)
