# 10-статья. Кыргыз Республикасынын курама командалары

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/441)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111329)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/441#diff=1249260..1249261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/441/edition/1249255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/441/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө, 10-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-10

---

Кыргыз Республикасынын курама командалары Олимпиадалык жана Паралимпиядалык оюндарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге даярдык көрүү жана катышуу максатында түзүлүүчү спортсмендерден, машыктыруучулардан, дене тарбия жана спорттук уюмдардын жана спорттук медицина уюмдарынын кызматкерлеринен, расмий коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн туруучу коллективдерди билдирет. Курама команданын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт. Олимпиадалык оюндарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге Кыргыз Республикасынын курама командаларынын катышуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин астында ишке ашырылат. Мамлекет Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоону жана алардын республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерге катышуусун камсыз кылат. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/441/st-11)
