Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-02-13.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 13-февралындагы № 57
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык
саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча улуттук агенттиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаш-
тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги (мындан ары - Улуттук агент-
тик) мамлекеттик антимонополиялык орган болуп саналат, ал монополисттик
иштин жана акниетсиз атаандаштыктын алдын алуу, аны чектөө жана жоюу
боюнча табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин ишинин
чөйрөлөрүндө атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик жөнгө са-
луу жана контролдоо жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты турмушка
ашырат жана отун-энергетика комплексин жөнгө салат.
2. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституция-
сын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республика-
сынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык макулдашууларды,
ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Улуттук агенттик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Рес-
публикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик
жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана казыналык
системасында эсептешүү жана башка эсептери болот.
4. Улуттук агенттик антимонополиялык саясат, атаандаштыкты
өнүктүрүү жана коргоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама
маселелери боюнча аткаруу бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-
дарынын жана коомдук бирикмелердин ишин координациялайт.
II. Улуттук агенттиктин милдеттери
жана функциялары
5. Улуттуук агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр сана-
лат:
- антимонополиялык жөнгө салуу, отун-энергетика комплекси, ке-
ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жагынан мамлекеттик саясатты
жүзөгө ашыруу;
- антимонополиялык жөнгө салуунун, экономиканын монополиялык тар-
мактарын демонополиялаштыруунун, атаандаштыкты коргоонун жана
өнүктүрүүнүн, ишкердик өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн неги-
зинде рыноктук мамилелерди калыптандырууга көмөктөшүү.
6. Улуттук агенттик өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык
төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- антимонополиялык жөнгө салуу, отун-энергетика комплекси, ке-
ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жагынан мамлекеттик сая-
сатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- антимонополиялык мыйзамдар, отун-энергетика комплекси жагынан,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө мыйзамдар
жагынан жана анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын башка ченемдик укуктук актылары сакталышына мамлекеттик
контролдукту жүзөгө ашыруу;
- антимонополиялык мыйзамдарды, отун-энергетика комплекси жагынан,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама, баа саясаты жана
аларды колдонуу практикасы жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ченем-
дик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) жана табигый, мамлекеттик жана
уруксат берилген монополиялардын таламдарынын балансын алар сатып алуу-
чу, сатуучу жана көрсөтүүчү товарлардын, иштердин жана кызмат
көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөр (абоненттер) үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз
кылган алардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо аркылуу
камсыз кылуу;
- антидемпингдик териштирүүлөрдү жүргүзүү, атайын коргоочу, анти-
демпингдик же компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө эксперттик ко-
рутундуларды даярдоо;
- атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча иштин негизги багыт-
тарын иштеп чыгуу жана бул маселелер боюнча аткаруу бийлик, жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- ички рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалын эске алуу менен та-
рифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун тиешелүү ыкмаларын жана чара-
ларын колдонуу боюнча (анын ичинде бажы тарифтеринин ставкаларын
өзгөртүү боюнча) сунуштарды иштеп чыгуу;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялар субъект-
теринин ишинин чөйрөлөрүндө белгиленген тартипте мамлекеттик жөнгө са-
луу жана контролдоо;
- аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жа-
на алардын структуралык бөлүмдөрү, уюмдар жана мекемелер көрсөтүүчү
кызматтарга (иштерге) бааларды (тарифтерди) белгиленген тартипте мамле-
кеттик жөнгө салуу;
- жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө товарларга (иштерге, кызмат
көрсөтүүлөргө) бааларды жана тарифтерди түзүү механизмин иштеп чыгуу;
- республиканын тиешелүү рынокторунда атаандаштык чөйрөнүн абалын
талдоо;
- экономиканын бардык чөйрөлөрүндө ишкерликти өнүктүрүү жана жањы
экономикалык структураларды калыптандыруу, анын ичинде инвестицияларды
тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жарандардын мыйзамдуу талам-
дарын монополисттик иштин жана акниетсиз атаандаштыктын көрүнүштөрүнөн
жана аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын
атаандаштыкты чектөөгө багытталган аракеттеринен коргоо;
- экономиканын монополиялык чөйрөлөрүн демонополиялаштыруу боюнча
чараларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- рыноктук мамилелердин иштешине жана атаандаштык чөйрөнү
өнүктүрүүгө тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылар-
дын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоо;
- атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө, керектөөчүлөрдүн укук-
тарын коргоого, отун-энергегика комплексин өнүктүрүүгө багытталган иш-
чараларды жүргүзүү боюнча жана жарнамалык ишти жөнгө салуу боюнча мам-
лекеттик инспекциялык органдарга жана башка аткаруу бийлик, жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды иштеп чыгуу;
- чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүү, өзгөртүп түзүү, жоюу боюнча
жана мыйзамдарда каралган башка учурларда табигый жана уруксат берилген
монополия субъекттеринин бүтүмдөрүнө жана инвестицияларына, чарба
жүргүзүүчү субъекттердин уставдык капиталындагы акциялардын
(үлүштөрдүн) сатып алынышына мамлекеттик антимонополиялык экспертизаны
жүзөгө ашыруу жана алар боюнча тиешелүү корутундуларды берүү;
- мамлекеттик инспекциялык органдарга өз компетенциясынын чекте-
ринде мамлекеттик контролдук кылуу;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополия субъектте-
ринин мамлекеттик реестрин, аткаруу бийлик органдарынын структуралык
бөлүмдөрүнүн, акы төлөтүп кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен мекемелердин
реестрин, аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүмдөрү
көрсөтүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардын реестрин түзүү жана
алып баруу, анын ичинде аларга жыл ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү;
- электр энергиясынын экспортун жана импортун жөнгө салуу меха-
низмдерин иштеп чыгуу;
- энергетика жагында фундаменталдык жана колдонмо илимди
өнүктүрүү, энергияны өндүрүүнү өнүктүрүү, энергия менен жабдуу, энерги-
янын орду толуп туруучу булактарын өнүктүрүү максатында энергетика жа-
гында жањы технологияларды, ноу-хауну иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүү, берүү,
бөлүштүрүү жана сатуу, нефтини жана жаратылыш газын кайра иштетүү,
электр станцияларын, подстанцияларды жана электр берүү линияларын ку-
руу, электр энергиясын импорттоо, экспорттоо укугуна лицензияларды
берүү;
- энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүгө жана
алардын сапатын жогорулатууга стандарттарды жана ченемдик документтерди
макулдашууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөштүрүүнү
камсыз кылуу;
- электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди
бекитүү;
- бөлүштүрүүчү уюмдардын жана керектөөчүлөрдүн укуктары менен мил-
деттерин жөнгө салган электр менен жабдууга типтүү контракттарды, ошон-
дой эле электр энергиясынын жана газдын рыногунун катышуучуларынын ор-
тосундагы контракттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-
ген тартипте иштеп чыгуу;
- табигый жана уруксат берилген мононолиялардын тизмесиие кирген
ишканалар жагынан экономиканын бардык тармактарында, анын ичинде байла-
ныш тармагында, алкоголь тармагында жана башкаларда товарларга, иштерге
жана кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүү маселелерин жөнгө салуу;
- энергетика рыногунун контракттарын каттоочуну анын ролун, ыйга-
рым укуктарынын жана милдеттеринин чөйрөсүн аныктоо менен дайындоо;
- республиканын энергетика тармагына келип түшкөн техникалык жар-
дамды башка мамлекеттик органдар менен бирдикте координациялоо;
- табигый монополия субъекттери менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн
керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдердин шарттары аткарылышына конт-
ролдук кылуу;
- керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын жана топторунун ор-
тосундагы субсидиялоого контролдук кылуу жана аны токтотуу боюнча су-
нуштарды иштеп чыгуу;
- энергетикалык сектордо техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр жана
квазифискалдык тартыштыктын (КФТ) белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрү
аткарылышына контролдук кылуу;
- Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча юри-
дикалык жана жеке жактардын даттанууларын, сунуштарын, арыздардын карап
чыгуу;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополия субъектте-
ринин, аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын
товарларын (иштерин, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып алууга тендерлерди
өткөрүү учурунда тендердик комиссиянын ишине катышуу;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тар-
типте мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүү жол-жобосуна, эларалык
долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга
катышуу, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана ко-
омдук уюмдары жана эларалык уюмдар менен кызматташуу;
- антимонополиялык саясат, отун-энергетика комплекси, ке-
ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жагынан интеграцияны те-
рењдетүү боюнча мамлекеттер аралык байланыштарды колдоо боюнча иш-чара-
ларды жүзөгө ашыруу;
- Борбордук-Азиялык кызматташтык (БАК) Уюму, Экономикалык кызмат-
таштык уюму (ЭКУ-ЭКО), КМШнын Электр энергетикалык кењеши, ЕврАзЭСтин
энергетикалык саясат боюнча кењеши, Европалык энергетикалык хартия
(ЕЭХ), Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн жөнгө салуучуларынын ассоциа-
циясы (ЕRRА), Коммуналдык ишканаларды жөнгө салуу боюнча комиссиялардын
мүчөлөрүнүн улуттук ассоциациясы (NARUC), АКШнын Эларалык өнүктүрүү
агенттиги (USAID), АКШнын Вашингтон штатынын коммуналдык ишканалар жана
транспорт боюнча комиссиясы (WUTС) жана башкалар менен отун-энергетика
комплексинин маселелери боюнча эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
- өзүнүн ишмердиги жана кабыл алып жаткан чечимдер жөнүндө, атаан-
даштыкты өнүктүрүү жана экономиканы демонополиялаштыруу боюнча чаралар-
ды турмушка ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары ар-
кылуу калкка маалымдоо;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама маселелери боюнча
коомдук уюмдардын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
жүзөгө ашыруу.
III. Улуттук агенттиктин укуктары
7. Улуттук агенттик өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн
төмөнкүлөргө укуктуу:
- антимонополиялык мыйзамдарды, отун-энергетика комплекси жагынан,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама, баа түзүү тартиби
жөнүндө мыйзамдарды бузуулар тууралу иштерди карап чыгууга жана иштерди
карап чыгуунун натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына,
менчгинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга Улуттук
агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эреже бузууларды
токтотуу жана алардын кесепеттерин жоюу жөнүндө милдеттүү түрдө аткары-
лууга тийиш болгон милдеттендирүүлөрдү берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн белгиленген
тартипте аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына
жана алардын кызмат адамдарына, чарба жүргүзүүчү субъекттерге, уюмдар
менен мекемелерге жана алардын жетекчилерине, жеке жактарга айып акы-
ларды жана экономикалык санкцияларды салуу жөнүндө чечимдерди (токтом-
дорду) кабыл алууга;
- антимонополиялык мыйзамдарды, отун-энергетика комплекси жагынан,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама, баа саясаты жана
аларды колдонуу практикасы жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуш-
тарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүүгө;
- рыноктордун иштешине, атаандаштыкты өнүктүрүүгө, отун-энергетика
комплексине, керектөөчүлөрдүн укуктарына, жарнамага, баа саясатына тие-
шелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды
берүүгө;
- антимонополиялык мыйзамдардын, отун-энергетика комплекси жагын-
дагы мыйзамдардын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама,
баа саясаты жөнүндө мыйзамдардын маселелери боюнча ченемдик укуктук ак-
тыларды белгиленген тартипте жана өз компетенциясынын чектеринде иштеп
чыгууга жана бекитүүгө;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин лицензияланууга тийиш болгон иши-
нин түрлөрүнүн тизмеси, алар антимонополиялык мыйзамдарды бузган учурда
экспорттук-импорттук операцияларына тыюу салуу же токтотуу боюнча, кат-
тоо жана уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана тиешелүү аткаруу бийлик органдары-
на киргизүүгө;
- мыйзамдарга ылайык табигый жана уруксат берилген монополия субъ-
екттеринин ишин жөнгө салуу ыкмаларын аныктоого жана колдонууга;
- аткаруу бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана
алардын структуралык бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер көрсөтүүчү кызматтар-
га (иштерге) бааларды (тарифтерди) макулдашууга;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополия субъекттер-
дин мамлекеттик ресстрин, аткаруу бийлик органдарынын структуралык
бөлүмдөрүнүн, акы төлөтүп кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен мекемелердин
реестрин бекитүүгө жана белгиленген тартипте жыл ичинде тиешелүү реест-
рге көрсөтүлгөн субъекттерди киргизүү (андан чыгарып салуу) жөнүндө че-
чимдерди кабыл алууга;
- тиешелүү рынокто басымдуу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъ-
екттерди аныктоого (табууга);
- аитимонополиялык мыйзамдарды, отун-энергетика комплекси жагында-
гы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама,
ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттер, аткаруу бийлик органдары жана
алардын структуралык бөлүмдөрү, жергиликтүү өзалдынча башкаруу, уюмдар,
мекемелер бааларды (тарифтерди) түзүшүнүн жана колдонушунун тууралыгы
жөнүндө мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө
жана зарыл документтерди, маалыматты жана түшүндүрүүнү жазуу жана оо-
зекн жүзүндө алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар боюнча иштерди коз-
гоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн материалдарды укук коргоо органдары-
на зарыл болгон учурда жөнөтүүгө;
- энергетика уюмдарынын финансы-чарбалык ишинин аудитин жүргүзүүнү
камсыздоону талап кылууга жана аудиттин материалдарына жеткиликтүүлүк
укугуна ээ болууга;
- мыйзамдарды бузуулар, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды
жүргүзүү боюнча иштерди карап чыгууга адистерди, эксперттерди, илимий
жана башка уюмдарды тартууга жана эксперттик жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим
берүү ишин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызмат-
тарды көрсөтүүгө;
- антимонополиялык мыйзамдардын, отун-энергетика комплекси, ке-
ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жагынан мыйзамдардын та-
лаптарына ылайык келе тургандыгы же жоктугу жагынан аткаруу бийлик жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын
экспертизадан өткөрүүгө;
- антимонополиялык мыйзамдарды, отун-энергетика комплекси жагында-
гы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жана
баалар менен тарифтерди түзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарды колдонуу ма-
селелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө:
- коллегиянын жыйналыштарында Улуттук агенттиктин компетенциясына
кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин,
уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга:
- белгиленген тартипте министрликтерден жана ведомстволордон, чар-
ба жүргүзүүчү субъекттерден, статистика органдарынан жана бажы органда-
рынан маалыматты, анын ичинде купуя жана/же коммерциялык сырды түзгөн
маалыматты алууга;
- коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы акцияларды
(үлүштөрдү) кошууга, кайра түзүүгө, жоюуга, сатып алууга, атимомополия-
лык мыйзамдарда каралган башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга чарба
жүргүзүүчү субъекттердин өтүнүчтөрүн/билдирүүлөрүн карап чыгууга жана
алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга;
- рынокто басымдуулук абалды ээлеген жана монополиялык ишти жүзөгө
ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлап бөлүү жөнүндө чечим ка-
был алууга;
- товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) даярдоочулар (аткару-
учулар, сатуучулар, сатып алуучулар) керектөөчүлөрдүн таламында ишкер
жүгүртүү эрежелерин сакташы жөнүндө алар менен макулдашууну түзүүгө:
- табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин жана ат-
каруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын товарла-
рын (иштерин, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып алууга тендерлерди өткөрүү
жана турмушка ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын атимонополиялык
мыйзамдары сакталышына контролдук кылууга;
- лицензиат лнцензиялардын шарттарын "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик
укуктук актыларына ылайык аткарышына контролдук кылууга;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялардын то-
варларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасына (тарифтерине) мамлекет-
тик контролдук кылууга;
- Улуттук агенттиктин потенциалын күчөтүү максатында гранттык не-
гизде финансылык жана техникалык жардам көрсөткөн эларалык уюмдар менен
келишимдерди түзүүгө;
- конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштурууга,
анын ичинде эларалык институттардын катышуусу менен уюштурууга;
- товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рынокторунда ата-
андаштык чөнрөсүнө баа берүү үчүн сатуучулардын жана сатып алуучулардын
арасында пикир сурап-билүүнү жүргүзүүгө;
- товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда атаан-
даштык чөйрөнү талдоону жүргүзүү үчүн антимонополиялык жөнгө салууну
жүзөгө ашырган аткаруу бийлик органдарынан алар кабыл алган ченемдик
укуктук актыларды, алар түзгөн макулдашууларды, ошондой эле бүткүл за-
рыл маалыматты суратууга;
- белгиленген тартипте илимий, окуу-консультациялык, маалыматтык
жана башка уюмдарды, анын ичинде өзүнөзү финансылоо негизинде ишти
жүзөгө ашырган уюмдарды түзүүгө;
- Улуттук агенттиктин корпоративдик веб-сайтында катуу булактарда,
ошондой эле электрондук түрдө маалымат базасын түзүүгө, пресс-релиздер-
ди, ошондой эле маалымат жыйнактарын чыгарууга;
- мамлекеттик алымды төлөбөстөн доо арызы менен сот органдарына
кайрылууга жана сотторго катышууга;
- белгиленген тартипте эларалык уюмдарда Кыргыз Республикасынын
атынан иш алып барууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды пайдаланууга.
8. Өз функцияларын аткарууну камсыз кылуу жана милдеттерди жүзөгө
ашыруу максатында Улуттук агенттик өз ыйгарым укуктарынын чектеринде
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткаруу бийлик органдарынын,
менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттердин бардык до-
кументтерине эркин жеткиликтүүлүккө ээ.
9. Улуттук агенттик өз компетенциясынын чектеринде токтом, буйрук,
милдеттендирүү түрүндө кабыл алган анын чечимдерин бийлик, жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан субъекттер
аткарууга милдеттүү.
IV. Улуттук агенттиктин ишин уюштуруу
10. Улуттук агенттик коллегиялуу органдан (Коллегия), аткаруу
кењешинен, борбордук аппараттан, аймактык бөлүмдөрдөн жана башка струк-
туралык бөлүмдөрдөн турат жана бирдиктүү структураны билдирет.
11. Улуттук агенттикке директор жетекчилик кылат, ал Кыргыз Рес-
публикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан
бошотулат.
12. Улуттук агенттиктин директорунун орунбасары болот. Директордун
орунбасары Улуттук агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин буйругу меиен кызматка дайындалат (бошоту-
лат).
13. Улуттук агенттиктин статс-катчысы Мамлекеттик кызмат боюнча
кењештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кыз-
матка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кыз-
мат боюнча кењеш бекиткен мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө
жобо менен аныкталат, Директор статс-катчыга башка функцияларды жана
ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну жүктөшү мүмкүн.
14. Улуттук агенттиктин директору:
- Улуттук агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын ат-
карылышы үчүн жеке жооп берет;
- Улуттук агенттиктин директорунун орунбасарларынын, структуралык
бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармаларынын жетекчилеринин милдеттерин
бөлүштүрөт, жоопкерчилигинин даражасын белгилейт;
- Улуттук агенттиктин структурасын, борбордук аппаратынын штаттык
тизмесин жана жобосун, аймактык башкармалар менен башка структуралык
бөлүмдөрдүн жоболорун, структурасын, штаттык тизмесин бекитет;
- Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын жана аймактык башкар-
маларынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана дисциплинардык жазалоо чараларын колдо-
нот;
- Улуттук агенттиктин алдында түзүлгөн илимий, окуу-консультация-
лык, маалыматтык жана башка уюмдардын ишинин жана аларды финансылоонун
тартибин аныктайт;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат жана баш-
ка чечимдерди кабыл алат;
- Улуттук агенттиктин ишинин регламентин бекитет;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде четөлкөлөрдүн тиешелүү ве-
домстволору, эларалык уюмдар жана юридикалык жактар менен эларалык ке-
лишимдерди түзөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана макулдашууларга кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө жыл сайын отчетторду жөнөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык
Улуттук агенттиктин ишине жетекчилик кылуу боюнча башка функцияларды
жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
15. Улуттук агенттикте 7 мүчөнүн курамында коллегия түзүлөт. Ди-
ректор, статс-катчы жана анын орунбасары кызматы боюнча коллегиянын
мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын мүчөлөрүн Улуттук агенттиктин ди-
ректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
16. Улуттук агенттикте аткаруучу кењеш түзүлөт, ал 3 мүчөдөн ту-
рат. Аткаруучу кењештин бардык мүчөлөрү чечимдерди кабыл алуу учурунда
тењдеш укуктарга жана добуш берүү учурунда тењдеш добушка ээ. Аткаруучу
кењеш отун-энергетика комплексинде баа түзүү, лицензиялоо маселелерин,
энергия компанияларынын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн карайт.
Аткаруучу кењештин ишинин регламенти Кыргыз Рсспубликасынын мыйзамдары-
на ылайык аныкталат жана Улуттук агенттиктин директору тарабынан беки-
тилет.
V. Улуттук агенттиктин мүлкү жана
аны финансылоо
17. Улуттук агенттиктин мүлкү ага мамлекет берген мүлктүн, ошондой
эле Улуттук агенттиктин балансында чагылдырылган башка мүлктүн эсебинен
түзүлөт жана мамлекеттик менчик болуп саналат.
18. Улуттук агенттикти финансылоо булактары төмөнкүлөрдүн эсебинен
түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- атайын каражаттардан, алар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
лицензиялоо боюнча көзөмөлдүк функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн ли-
цензиялануучу иштен лицензиаттын каражатынан 0,15% өлчөмүндөгү ар жыл-
дагы акыдан;
Улуттук агенттикке жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу учу-
рунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен
макулдашылган өлчөмдө алынуучу каражаттардан;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келбеген башка
жыйымдардан жана төлөмдөрдөн;
донордук жана башка уюмдардын гранттарынан, жардамынан, мекемелер-
дин, жеке жактардын ыктыярдуу взносторунан жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардан.
19. Улуттук агенттик өзүнүн ишинен алган бардык каражаттар ага то-
лук көлөмдө берилет жана "Атайын каражаттар" деген статья боюнча мамле-
кеттик бюджетте чагылдырылат.
20. Улуттук агенттик финансылык ресурстарды пайдаланышы:
атайын каражаттардын эсебинен төмөнкүлөр финансыланат:
- материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү, анын ичинде өзүнүн
функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, прибор-
лорду, өлчөө техникасын сатып алуу;
- ченемдик документтердин (стандарттар, эрежелер, регламенттер),
илимий, мезгилдүү жана техникалык адабияттын фондун түзүү;
- программалык продуктуларды сатып алуу;
- стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду жана башкаларды
түзүү боюнча илим-изилдөө иштерине акы төлөө;
- антимонополиялык саясат жана энергетика жагынан улуттук талам-
дарды коргоо максатында дүйнөлүк жана региондук конференцияларга, семи-
нарларга катышуу;
- көп тараптуу жана эки тараптуу негизде мамлекеттер аралык коор-
динациялоо;
- Эларалык атаандаштык тармагынын ишине (анын уюмдарына, долбоор-
лоруна жана форумдарына), Антимонополиялык саясат боюнча мамлекеттер
аралык кењешке (АСМК), Улуттук агенттик мүчөсү болуп саналган башка
эларалык уюмдарга жана интеграциялык комитеттерге (уюмдарга) катышуу;
- өз компетенциясынын чектеринде бүткүл республика боюнча монито-
рингди жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка
максаттар жана иш-чаралар.
Өнүктүрүүгө каражаттарды чыгымдоо, материалдык жактан кубаттоо,
стимулдаштыруу жана социалдык жактан колдоо директор бекитүүчү атайын
сметалардын негизинде жүргүзүлөт.
VI. Өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
Улуттук агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ №57 "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин…Указ · 13.02.2006 · № 57 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.