# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ №57 "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин маселелери жөнүндө" жарлгыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ №57 "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин маселелери жөнүндө" жарлгыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2030/edition/288307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ №57 "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин маселелери жөнүндө" жарлгыгы (27.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4407

---

КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ N 481

Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2006-жылдын 13-февралы ПЖ № 57

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана

атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин

маселелери жөнүндө

Атаандаштыкты өнүктүрүү, монополисттик ишти жана акниетсиз атаан-

даштыкты чектөө, жоюу боюнча, ошондой эле отун-энергетика комплекси жа-

гындагы натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги (мындан ары - Улуттук агент-

тик) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү,

өнөржай жана соода министрлигине караштуу Антимонополиялык саясат боюн-

ча мамлекеттик департаменттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин укугун мурастоочу бо-

луп санала тургандыгы белгиленсин.

3. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актыла-

рына ушул Жарлыктан келип чыккан түзөтүүлөрдү киргизүүнү караган мый-

замдардын долбоорлорун үч айлык мөөнөттө даярдасын жана белгиленген

тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына киргиз-

син.

4. Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтү белгиленген тартипте өз чечимде-

рин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү

жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
