# Сайдыкум айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-октябрындагы № 3 "Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-октябрындагы № 3 "Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64800/edition/1006028/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-октябрындагы № 3 "Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (16.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440610

---

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2019-жылдын 16-октябры № 3

Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Респуликасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын текшерүүлөрдү жүргүүзүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145-токтому менен бекитилген Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттикыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү типтүү Жобонун 10-бөлүмүнүн 10.1-пунктуна ылайык,Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнө Жалал-Абад областынын Базар-Коргон району боюнча МСКБнан төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды мыйзамдуу келишимдин негизинде өткөрүлүп алынсын.

1. Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде салык жыйноо.

2. 1,1,3 жана 4 топтогу мүлк салыгын жыйноо.

3. Жер салыгын жыйноо.

4. Рейддик контролдоону өткөрүү.

Салык органдарынан салык төөлөөчүнүн салыкты төлөгөндүгүнүн жана каттоодо тургандыгынын фактысын аныктоо

- Патенттин негизинде салык төлөөчүнүн салыкты төлөгөндүгүнүн физикалык көрсөткүчүн жана фактысын текшерүү.

5. Салык кызматынын органдары менен бирдикте салык постторун орнотуу.

2. Токтомду аткаруу жагы Сайдыкум айыл аймагынын башчысынын орун басары Г.Токторбаевага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовко милдеттендирилсин.

Төрага

Б. Турсункулов
