Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик киновидеокомпаниясын кайра түзүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 23 мая 2008 года УП № 171 "О Национальном концерне "Кыргызкино"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-05-23.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 23-майындагы ПЖ N 171 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 56
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик киновидеокомпаниясын
кайра түзүү жөнүндө
Улуттук кинематография системасын башкарууну өркүндөтүү, улуттук
кинематографты өнүктүрүү, руханий жана элдик салттарды кайра жаратууда
кино өнөрүнүн ролун жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу мак-
сатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик киновидеокомпаниясы
"Кыргызкино" Улуттук концернине кайра түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бардык мамлекеттик кинематография уюмдары "Кыргызкино" Улуттук
концернини карамагында болот;
- "Кыргызкино" Улуттук концернинин президенти Кыргыз Республи-
касынын Президентинин чечими менен дайындалат;
- "Кыргызкино" Улуттук концерни вице-президентин дайындоо жана
бошотуу "Кыргызкино" Улуттук концернинин президентинин сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен жүргүзүлөт;
- "Кыргызкино" Улуттук концернинин президентинин чечими менен
бардык мамлекеттик кинематография уюмдарынын жетекчилери дайындалат.
3. "Кыргызкино" Улуттук концернинин президенти бир айлык мөөнөттө
"Кыргызкино" Улуттук концернинин Жобосунун, түзүмүнүн жана штаттык
санынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Кыргз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Кыргызкино" Улуттук концерни менен бирдикте мамле-
кеттик кинотармакты түзгөн кинотеатрларды түгөлдөөнү жүргүзсүн жана
ошол кинотармакты түзгөн кинотеатрлардын тизмесин Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуш кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- эки айлык мөөнөттө "Кыргызкино" Улуттук концернинин Жобосун,
түзүмүн жана штаттык санын карасын жана бекитсин;
- мамлекеттик кинотармакты түзгөн кинотеатрлардын тизмесинин дол-
боору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитетинен келип түшкөн учурдан тартып ал тизмени бир айлык
мөөнөттө бекитсин;
- ушул Жарлык келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка масе-
лелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечим-
дерин ушул Жарлыкка келтирүү боюнча бир айлык мөөнөттө сунуш кир-
гизсин;
- өз чечидерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүк-
түрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 255 токтому менен бекитилген)Положение · 10.04.2006 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 623 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде…Постановление · 28.08.2006 · № 623
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 256 "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.04.2006 · № 256 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майы ПЖ № 171 "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө " токтомуУказ · 23.05.2008 · № 171 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майы ПЖ № 171 "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө " токтомуУказ · 23.05.2008 · № 171 · Күчүн жоготкон