Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Терек – Сай айылдык кеңешинин «Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун, 2021-2022-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө» токтому
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 1
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун, 2021-2022-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше жана чыгыша бөлүктөрүнүн долбоорун, 2021-2022-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 22471,8 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар эсебине 3228,0 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Терек-Сай айыл аймагынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 22471,8 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар эсебине 3228,0 миң сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин иегизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айыл аймагынын башчысынын резервдик фонду 221,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Терек-Сай айыл аймагынын 2021-жылга карата бюджетинин долбоору 23114,6 миң сомго, 2022-жылга карата божомолу 24082,6 миң сомго бекитилсин.
5. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага
И.К. Ажакматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 23.12.2019 · № 143