# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 5 "Чек арачыларга каражат кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 5 "Чек арачыларга каражат кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64608/edition/997608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 5 "Чек арачыларга каражат кароо жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440417

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы

2019-жылдын 25-декабры № 5

Чек арачыларга каражат кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгына ылайык, күн тартибиндеги маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомуна ылайык, мамлекеттик чек араны кайтаруудагы күжүрмөн эмгектери үчүн Көк-Таш айылындагы Орто-Суу чек ара заставасынын, Булак-Башы айылындагы Булак-Башы жана Чоң-Сай айылындагы Чоң-Сай чек ара постторунун чек арачыларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине 5000 (беш миң) сомдон жалпы 15 000 (он беш миң) сом материалдык колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев
