# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 1 "Ижарага жер берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 1 "Ижарага жер берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64605/edition/997600/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 1 "Ижарага жер берүү жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440413

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы

2019-жылдын 25-декабры № 1

Ижарага жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айыл өкмөттүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан жер аянтын ижарага берүү тууралуу маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан 10 (он) га жер аянты 30 (отуз) жылдык мөөнөткө бак-дарак көчөтүн отургузуп, убактылуу пайдалануу келишими менен Көк-Таш айылынын тургуну Каримов Сайдазим Жоробаевичке ижарага берилсин.

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеӊешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев
