# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2020-жылдын 01-февралындагы № 01-5/217 "Аксакалдар сотунун курамын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2020-жылдын 01-февралындагы № 01-5/217 "Аксакалдар сотунун курамын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/217
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2020
- Редакциянын күнү: 01.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64563/edition/996479/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2020-жылдын 01-февралындагы № 01-5/217 "Аксакалдар сотунун курамын өзгөртүү жөнүндө" токтому (01.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440370

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2020-жылдын 01-февралы № 01-5/217

Аксакалдар сотунун курамын өзгөртүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын, 2018-жылдын 30-майындагы № 01-5/91 токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында шаардык Кенешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы №01-5/91 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

3. Кочкор-Ата шаардык Аксакалдар сотунун мүчөлөрү 7 адамдан 5 адамга кыскартылсын.

4. Кочкор-Ата шаарынын Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:

· Дарманкулов Аскарбек

· Ибрагимов Маматкасым Абдихалилович

· Тохтасинов Рахимжан Маматкулович

· Акматова Анипакан Туменбаевна

· Мусабекова Калдаркан

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

Төраганын милдетин аткаруучу

Я.Т. Абдурахманов
