# Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-январындагы № 1 "Достук айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетти жана 2021, 2022- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-январындагы № 1 "Достук айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетти жана 2021, 2022- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64541/edition/996319/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-январындагы № 1 "Достук айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетти жана 2021, 2022- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому (13.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440348

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-январы № 1 Достук айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетти жана 2021, 2022- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Абдышовдун айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.

2. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2020-жылга планы жана 2021,2022-жылдарга долбоору № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2020-жылга планы жана 2021- 2022-жылдарга долбоору № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. 2020-жылдын 1-январына карата калган калдыгы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. КРнын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү КРнын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2020-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебинен 168500 (жүз алтымыш сегиз миң беш жүз) сомдук Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фондусу түзүлсүн .

6. Достук айыл өкмөтүнүн киреше булагынын жайыт пайдалануучуларынын ижара акысы 75 минден 420 миң сомго өзгөртүүлөрдү киргизүү Финансы Министрлигинен суралсын.

7. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына эмгек акы, соц.фонд, электр энергиясына тамак- аш чыгымдарына каржылансын.

8. Жалпы ата-энелер төлөмү 450(төрт жүз элүү) сомдон өзгөртүүсүз калтырылсын жана калдыгы менен чыгашасы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

9. ЖӨБнун КРнын мыйзамынын 37-берене 6-пункутуна жана кеңештин 2013-жылы VIII сессиясынын №1 токтомуна ылайык кеңештин төрагасына компенсация ар бир сессияга беш күндүк эмгек акы төлөп берилсин.

10. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министирлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Абдышовго жүктөлсүн.

11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.

Төрага

Э. Мансиркулов
