# Ак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 10/1 "Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 10/1 "Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/1
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64450/edition/994602/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 10/1 "Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (20.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440253

---

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Ак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 10-сессиясы (жетинчи шайланган)

2018-жылдын 20-декабры № 10/1

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетин Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери туруктуу комиссиясынын берген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2019-жылга карата жалпысы 18 952,5 миң сом, анын ичинен атайын эсеп 2 592,8 миң сом жана жайыт үчүн 155.0 миң сом эсебинде бекитилсин.

2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата болжолдуу планы 19 933,0 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.

3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата болжолдуу планы 19 817,5 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.

4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата болжолдуу планы 20 037,7 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.

5. Ак-Таш айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-мартындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү" № 131 токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 22, анын ичинен кенже кызматкерлерге 2 штат бирдиги бекитилсин жана айыл башчылардын эмгек акысы жетектөөчү адис коэффиценти менен, чинге кошумча төлөмдөр төлөнүп берилсин.

6. 2019-жылдын бюджетинин бекитилген долбоорун аткарууда, жыл ичи бекитилген долбоорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана аны айылдык кеңештин сессиясына коюу укугу Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Ак-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Акимовго милдеттендирилсин.

Төрага

Б. Акимов
