# Кызыл – Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 4-октябрындагы № 3 "Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фонтунун жерлерине Аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын Курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл – Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 4-октябрындагы № 3 "Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фонтунун жерлерине Аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын Курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64426/edition/993751/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл – Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 4-октябрындагы № 3 "Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фонтунун жерлерине Аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын Курамын бекитүү жөнүндө" токтому (04.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440229

---

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXI сессиясы

2019-жылдын 4-октябры № 3

Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фонтунун жерлерине Аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын Курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жана тарти битууралуу” Типтүү Жобонун 22-пункутунун негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерин ижарага берүү убактысы 2019-жылдын 4-октябрь деп белгиленсин.

3. Комиссиянын бекитилген курамына ылайык айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралу Жобого ылайык иш алып баруу жана жогорудагы маселе боюнча иш регламентин иштеп, чыгуу жагы комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткаруу жагы жер комиссиясынын төрагасы Жабиев Адилге жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышынү көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага

К. Дадабаев

Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын « 04» октябрындагы № 4 токтомуна тиркеме

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткорүү боюнча комиссиянын курамы

Нышанбаев Муратбек - Айыл өкмөт башчысы Дадабаев Кылыч - айылдык кеңешинин төрагасы Жабиев Адил - айылдык кеңешинин депутаты Рустамбек кызы Гулнура - айыл өкмөтүнүн жоопту катчынын милдеттин аткаруучу Акматов Керим - айылдык кеңешинин депутаты Кожошев Мамазакир - айыл өкмөтүнүн адиси Адишов Эмил - айыл өкмөтүнүн жер адиси Карабаев Курстан - айыл өкмөтүнүн салык кызматчысы Сүйөров Тоймамат - ВУС кызматчысы Исмаилов Теше - Коргон айылынын айыл башчысы Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси.

Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысынын милдеттин аткаруучу: Рустамбек к Г.
