# Жыргалаң айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 27 "Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо жайын (бакчасы) куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жыргалаң айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 27 "Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо жайын (бакчасы) куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64402/edition/992579/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жыргалаң айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 27 "Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо жайын (бакчасы) куруу жөнүндө" токтому (24.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440204

---

ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Жыргалаң айыл аймагынын Жыргалаң айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2019-жылдын 24-январы № 27

Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо жайын (бакчасы) куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгын ишке ашыруу жана айылга сергек жашоону жайылтуу максатында, ошондой эле Жыргалаң айылынын тургундарынын 2019-жылдын 22-январындагы өткөн жалпы жыйындын чечимин эске алуу менен Жыргалаң айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо жайы (бакчасы) курууга макулдук берилсин.

2. Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо жайы (бакчасы) куруу боюнча долбоорду иштеп чыгуу жана тиешелүү документтерди даярдоо жагы Жыргалаң айылдык кенешинин социалдык маселелер, депутаттык этика жана мекеме ишканалар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытов Э.К.) жана Жыргалаң айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Жыргалаң айылына ден-соолукту чындоо жайы (бакчасы) курууга жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн ар кандай жумуштарга уюштуруу жагы “Жыргалаң Ынтымагы” борбордук жамаатынын төрагасына Ш.К.Курмановго тапшырылсын.

4. Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо жайы (бакчасы) курууга жер тилкесин бөлдүрүп берүү жагы Жыргалаң айыл өкмөтүнүн алдындагы жеке менчик куруу үчүн жер участокторун берүү жана башка маселелерди чечүү боюнча комиссиясынан (Курманов Ш.К.) суралсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Мукалаевге жүктөлсүн.

Төрайым

К.С. Букаева
