# Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы № 38 Жарлыгы менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы № 38 Жарлыгы менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-124/edition/288295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы № 38 Жарлыгы менен бекитилген) (01.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4402

---

№ 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 1-февралындагы № 38

Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

боюнча кењеш жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-комму-

никациялык технологиялар боюнча кењеш (мындан ары - Кењеш) маалыматташ-

тыруу жана телекоммуникация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты координаци-

ялаган орган болуп саналат.

2. Кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзам-

дарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын жана ушул Жобону

жетекчиликке алат.

3. Кењештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.

II. Негизги милдеттер жана функциялар

4. Кењеш:

- маалыматташтыруу жана телекоммуникация, учурдагы маалымат-

тык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана аларды колдонуу жа-

гынан мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарын аныктоо жана иштеп

чыгуу боюнча ишти координациялайт;

- ведомстволук региондук маалыматтык-телекоммуникациялык система-

ларды түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт, Кыргыз Респуб-

ликасынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигинде алардын шайкеш келишин

жана өзара аракеттенүүсүн камсыз кылат, улуттук маалыматтык ресурстарды

түзүү жана мамлекеттик компьютердик тармакты (МКТ) өнүктүрүү боюнча

стратегиялык багыттарды аныктайт;

- маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүндөгү эларалык

программаларга жана долбоорлорго Кыргыз Республикасынын катышуусуна

көмөктөшөт;

- өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук кылат.

III. Кењештин укуктары

5. Кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:

- өз ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык

жүргүзүүгө;

- өз компетенциясынын чектеринде ар кандай маалыматты мамлекеттик

башкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан суратууга жана алууга;

- өз жыйналыштарына мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин

чакырууга;

- өз компетенциясындагы маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды Кыр-

гыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

кароосуна киргизүү үчүн аларды даярдоого;

- учурдагы проблемалар боюнча тиешелүү сунуштарды жана рекоменда-

цияларды даярдоо үчүн адистерди тартууга жана техникалык комитетти

түзүүгө;

- техникалык комитеттин отчетторун угууга жана бекитүүгө.

IV. Кењештин ишин уюштуруу

6. Кењеш зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу

чакырылат.

7. Кењештин жыйналыштарын төрага же анын тапшыруусу боюнча биринчи

орунбасары, ал эми ал жокто төраганын орунбасарларынын бири өткөрөт.

Кењештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн эки бөлүгү бар

болгон учурда чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат, мында чечим

жыйналышка катышып отурган мүчөлөрдүн санынын жөнөкөй көпчүлүгү тарабы-

нан кабыл алынат.

8. Кењештин жыйналыштарын даярдоону жана өткөрүүнү, ошондой эле

анын учурдагы ишин Кењештин жооптуу катчысы техникалык комитеттин

көмөгү менен жүзөгө ашырат. Техникалык комитеттин курамын Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бекитет.
