# Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 4 "Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя-Моюн) КР ӨКМнин балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 4 "Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя-Моюн) КР ӨКМнин балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64387/edition/992135/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 4 "Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя-Моюн) КР ӨКМнин балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (09.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440188

---

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы

2019-жылдын 9-марты № 4

Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя-Моюн) КР ӨКМнин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомун жана КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы №101-б буйругун аткарууга алуу максатында Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя Моюн) КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин балансына өткөрүп берүү боюнча областтык комиссия курамы түзүлүп, анын негизинде 2019-жылдын 28-февралында Ноокат шаарында АКТ түзүлгөн. Актыда жазылгандай Кара-Таш айыл аймагындагы № 1 кен калдыгы (Туя Моюн) Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында 35 км алыстыкта жайгашкан, үстү ачык көмүлгөн эмес. Иштетилген жылдары 1946-1954-жж. Калдыктын көлөмү боюнча так маалымат жок. Курамы уран катарынын радионуклеиддери. Радиациялык гамма нурлануу орточо 17-41мкр/саатты түзөт. Кээ бир жерлеринде (локалдуу) 140-150мкр/ саатка чейин жетет. Кен калдыктын айланасы ачык, жакын аралыкта калктуу конуш жайгашкан эмес ж.б.у.с. Жогорудагы түзүлгөн актыга негиз, айтылган сунуш-пикирлерди, маалыматтарды эске алып, талкуулап Кара-Таш айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл аймагындагы № 1 кен калдыгы (Туя Моюн) КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин балансына өткөрүлүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык кенешинин укук, мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муктарбек уулу Бектурга милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Джаныбаев
