# Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 3 "Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 3 "Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64386/edition/992081/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 3 "Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому (09.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440187

---

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы

2019-жылдын 9-марты № 3

Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө

Кара-Таш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифин ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңешинин, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагынын жалпы тургундары менен өткөрүлгөн чоглуштарынын протоколдорунун чечимдери Кара-Таш айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомунун Жобосуна ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифи ар бир кожолук тарабынан чыгарылган катуу тиричилик калдыктарынын көлөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөндөгү тарифтер белгиленсин:

- Ар бир кожолуктан, бюджеттик жана коммерциялык ишканалардан чыгарылган 1 (бир) кап катуу тиричилик калдыктарына = 20 сом

- 1м 3 = 200 сом

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н. Джаныбаев
