# Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 1 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 1 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64384/edition/992077/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 1 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому (09.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440185

---

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кара-Таш айыл кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы

2019-жылдын 9-марты № 1

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифин ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңеши, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагындагы “Көл-Жаңгак” ИСКАКБнын Кара-Таш айылынын тургундары менен өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдору Кара-Таш айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомунун Жобосуна ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга суу эсептегич аркылуу өткөн суунун өлчөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөндөгү тарифтер белгиленсин:

Айыл тургундарына - 1м3 = 20 сом Бюджеттик багыттагы мекемелерге - 1м3 = 35 сом Коммерциялык багыттагы мекемелерге - 1м3 = 35 сом Борборлоштурулган мечит менен медресеге - 1м3 = 10 сом

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н. Джаныбаев
