# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 15 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө

- Толук аталышы: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 15 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64371/edition/991861/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 15 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө (12.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440171

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

2019-жылдын 12-июну № 15

Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү туралуу” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча Ведомостволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө Жобонун 3-талабына ылайык Боз-Ала калктуу конушунун тургундарынын жалпы жыйынынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына киргизүүгө сунушталсын.

2. Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жагы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан суралсын.

3. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
