# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 11 "Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 11 "Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64369/edition/991099/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 11 "Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө" токтому (25.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440169

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы

2019-жылдын 25-марты № 11

Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен айыл акча каражатын кароо жана айыл амагындагы калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну убактылуу токтотуу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 31-декабарына чейинки мезгилде айыл аймагындагы калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу токтотолсун.

2. Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты каралсын.

3. Эл жана турак-жай фондун каттоону уюштуруу жана ага кеткен чыгымдардын сметаларын мыйзам чегинде эсептеп чыгып, иш алып баруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Таши уулу Жетимишке жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
