Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 01-5/196
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 16-декабрындагы № 01-36/1780 сандуу катынын негизинде 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө каралган акча каражатынын жыл башында калган калдык каражатынан шаардык Кеңештин аппараты менен Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4-пунктуна ылайык эки өлчөм (оклад) акчалай сыйлык төлөп берүү боюнча шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 16-декабрындагы №01-36/1780 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2019-жылдын жыл башында калган калдыгы 598 981 (беш жүз тогуз жүз сегиз миң тогуз жүз сексен бир миң) сом акча каражатынын эсебинен шаардык Кеңештин аппараты менен Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4-пунктуна ылайык эки (оклад) өлчөмдө сыйлоо катары төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу
Я.Т.Абдурахманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон