# Сын-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 1-февралындагы № 131/13-27 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоого карата жаңы конуштарды нумерациялоо жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Сын-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 1-февралындагы № 131/13-27 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоого карата жаңы конуштарды нумерациялоо жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/13-27
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64276/edition/1026984/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сын-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 1-февралындагы № 131/13-27 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоого карата жаңы конуштарды нумерациялоо жөнүндө токтому (01.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440076

---

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2019-жылдын 1-февралы № 131/13-27

Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоого карата жаңы конуштарды нумерациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоо жөнүндө" 23.10.2017-жылдагы № 690 токтомдун календарлык планына карата калктуу конуштардагы калкты толук камтыш үчүн жаңы курулуп жаткан (новостройка) конуштарды нумерациялоо үчүн Сын-Таш айыл Кеңеши ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоого жаңы курулуп жаткан калктуу конуштар контур боюнча нумерациялансын.

• Кызыл-Арык айылы контур № 310-№1

• Кызыл-Арык айылы контур № 461 -№2

• Сын-Таш айылы контур № 461-№3

• Сын-Таш айылы контур № 437-№4

• Ак-Сай айылы контур № 123,117,116-№ 5

• Жетиген айылы контур № 219-№6

• Жетиген айылы контур № 185-№7

• Жетиген айылы контур № 188-№8

• Отеген айылы контур № 135-№9

• Өтөгөн айылы контур № 168-№ 10

2. Эл каттоо жана турак жай фондусу боюнча аткарыла турган иштер Сын-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлүн өзүмө калтырам.

Төрага

З.М. Аширбаев
